Мамкызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарты бекитилди
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын антикоррупциялык жүрүм-турумунун типтүү стандарттары бекитилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган акт Башкы прокуратура тарабынан 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгып, кызматчылардын антикоррупциялык жүрүм-турумунун бирдиктүү моделин калыптандырууга багытталган.
"Типтүү стандарттар мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк, ачыктык принциптерине негизделген милдеттүү талаптарды белгилейт жана кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички көзөмөл механизмдерин өнүктүрүү боюнча чараларды камтыйт. Бекитилген стандарттардын өзгөчөлүгү болуп тобокелдиктерге багытталган ыкманы колдонуу жана кызматчылардын өзүн-өзү көзөмөлдөшү үчүн антикоррупциялык чек-листти киргизүү саналат",- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















