Министрлик өндүрүүчүлөргө утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин эскертти
2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системинин алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирген. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
"Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги - бул өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды товарлар менен таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм. Аталган системге кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Ага аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар",- деп айтылат маалыматта.
Төлөөчүлөр:
- Импорттоочулар - товарлар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
- Өндүрүүчүлөр - ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөөгө милдеттүү.
Төлөмдү өз убагында жүргүзбөө мыйзамда каралган административдик жоопкерчиликке алып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















