super.kg logo

"Манас" аэропортундагы окуя боюнча расмий териштирүү жүрүүдө

 

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Манас" эл аралык аэропортунда болгон окуя боюнча расмий териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү аяктаганга чейин "TezJet" авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоо убактылуу токтотулду. Агенттик окуянын себептери толук аныкталганга чейин такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, жүргүнчүлөргө авиакомпаниялардын расмий маалыматына көз салып турууну сунуштады.

Эске салсак, кечээ, 7-июлда Бишкектен Ошко 187 жүргүнчү менен учуп чыккан "TezJet" авиакомпаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам авариялык кырдаалга туш болду. Окуядан кийин учак учуп-конуу тилкесинде калып, анын кесепетинен "Манас" эл аралык аэропортунун иши убактылуу токтотулду. Натыйжада бир катар ички жана эл аралык каттамдар кечигип, айрымдары башка шаардагы аба майдандарына багытталды.

Бүгүн, 8-июлда саат 09:00дө "Манас" эл аралык аэропортунун иши жанданды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: