Убада сөз боюнча эле калган... Кара-Сууда 3 жаран кармалды
Кара-Сууда жер тилкесине байланыштуу алдамчылыкка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 60 жаштагы жаран милицияга арызданган. Жабырлануучуну 2024-жылы Датка айыл өкмөтүнүн жер адиси, Шарк айылынын башчысы жана эч кандай кызматта иштебеген жарандар алдап кетишкен. Алар жер тилкесин алып берүүнү убадалашып, андан 2 миллион 536 миң 500 сом алышкан. Бирок убада сөз боюнча эле калган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















