super.kg logo

Өлкөдө кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталат

 

Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталарын билдирди.

Абитуриенттерден документтерди кабыл алуу 13-июлдан 14-сентябрга чейин электрондук платформа аркылуу жүргүзүлөт.

"Кесиптик лицейлер 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптерди өздөштүрүп, практикалык көндүмдөргө ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Окуучулар курулуш, энергетика, IT, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесиптерди тандай алышат. Кабыл алуу шарттары, кесиптердин тизмеси, бюджеттик орундар жана лицейлер тууралуу маалыматты атайын электрондук платформадан, ошондой эле кесиптик лицейлерден жана Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот",- деп белгиленди маалыматта.

Кабыл алуу боюнча суроолор үчүн жарандар 110 байланыш номуруна кайрыла алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: