Кыргызстанда лицензия алуу үчүн билдирүү берген такси айдоочуларга айып пул салынбайт
Жол коопсуздугу кызматы айдоочулук күбөлүгү жок иштеп жаткан айдоочуларды аныктоо боюнча текшерүү иштерин улантууда. Айдоочуларга милдетүү документи жок болгондугу үчүн айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын “Азаттык Азия” жазып чыкты.
“Эгерде лицензиясы жок иш алып барчу болсо, жеке жактарга 7500 сом айып, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат. Түндүк, МБанк, Элдик Банк тиркемеси аркылуу документ тапшырган болсо, анда ал жерде билдирүү жибергени көрүнүп турат. Андай айдоочулар ишмердүүлүгүн уланта берсе болот” - деп билдирди өз сөзүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Нурдин Самбаев.
Кыргызстанда 2025-жылдын августунда такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.
Жыйынтыгында, лицензия алуу 2026-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөткө берилип, кийин бул мөөнөт 1-июлга чейин жылдырылган. Азырынча лицензия ала элек айдоочулар эми деле алса болот. Документ берүү улантылууда.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















