Милиция сууга агып кеткен кыздын өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөттү
8-июль күнү саат 15:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында кызмат өтөп жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жардам сурап KIA K7 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кайрылган.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу сууга агып кеткендиктен дем алуусу кыйындаган кызды шашылыш Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жеткирип бара жатканын айтып, жол ачып берүүнү суранган.
ЖККК кызматкерлери дароо атайын коштоо уюштуруп, унаанын ооруканага мүмкүн болушунча тез жана тоскоолдуксуз жетишин камсыздашкан. Ооруканага жеткирилгенден кийин кызга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилди.
ЖККК өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо үчүн ыкчам жардам көрсөтүүгө дайым даяр экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















