Бишкекте эми автобуста коляска үчүн акы алынбайт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспортто балдар арабасын колдонгон ата-энелерди жол акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды.Бул тууралуу мэр калаанын "Транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен өткөргөн кеңешмеде маалым болду.
"Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгиле. Бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыгып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла",- деп тапшырма берди калаа башчысы.
Бишкекте автобуста коляска үчүн акы алынбайт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















