Базарда сабалган дыйкан карылар үйүнө кулпунай алып барды (видео)
Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлер тарабынан сабалган Сталбек аттуу жаран кулпунайдан алган алгачкы түшүмүн шаардагы "Боорукердик" социалдык мекемесине алып барды.
Анда ал жубайы менен биргеликте ал жердегилерге кулпунайдан даам таттырып, "карыялардан бата алалы" деп айткан. Дыйкан түшүмүн мекемеге тапшырган соң, көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.
Айта кетсек, ал өткөн жылы кулпунай эгип, быйыл алгачкы түшүмүн тере баштаган. Базарда болгон окуядан соң ага коомчулуктун колдоосу күчөп, Instagram баракчасына 112 миңден ашуун катталуучу жазылган.
Соодагерлер тарабынан сабалган дыйкан боорукердик үйүнө кулпунай алып барды
Соодагерлер тарабынан сабалган дыйкан боорукердик үйүнө кулпунайларын алып барды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















