Кыргыз-Корей билим берүү кызматташтыгы талкууланды
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Түштүк Кореянын Интеллектуалдык менчик министри Ким Ён Сон менен жолугушту.Бул жолугушуу Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун мүчө мамлекеттеринин ассамблеяларынын 68-сериясынын алкагында Женева шаарында орун алды.
Тараптар анда интеллектуалдык менчик, илим, инновациялар жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коммерциялаштыруу тармактарындагы кыргыз-корей кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу, университеттерде интеллектуалдык менчикти башкаруу, интеллектуалдык менчик тармагын санариптик трансформациялоо, экспертиза жүргүзүүдө жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселелерине көнүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар министрликтер ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюуга даяр экендиктерин ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















