Караколдо майыптыгы бар жарандардын үйү авариялык абалда экени айтылды
Акыйкатчы институту Азиз жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу окуу-өндүрүштүк кыргыз ишканасында мониторинг жүргүзүлгөнүн билдирди.Анда ишкананын кызматкерлери алар жашаган үйдүн шарттарына нараазычылыгын айтышкан.
Тургундардын айтымында, алар Каракол шаардык мэриясына жыл сайын үйдү оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Бирок маселе чечилбей келет. Өздөрүнүн каражаты жоктугунан улам турак жайын оңдой албай же башка жакка көчө албай, кооптуу шарттарда жашоого аргасыз болушууда.
Тогуз батирлүү, эки кабаттуу үй 1979-жылы курулган. Буга чейин ал Азиз жана дүлөйлөр коомунун балансында болгон.
Мониторингдин жүрүшүндө үйдүн чатырынын авариялык абалда экени аныкталды. Жаан-чачын учурунда чатырдан суу өтөт. Мындан тышкары, батирдин дубалдары көгөрүп кеткен. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жергиликтүү бийлик органдарын үйдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, анын тургундарына коопсуз жашоо шарттарын камсыздоого чакырды.
Бүгүнкү күндө Азиз жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу окуу-өндүрүштүк ишканасында 48 адам эмгектенет, анын 31инин майыптыгы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















