super.kg logo

Орунтаев Бишкектеги үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери боюнча айтты (видео)

 

Курулуш министри Нурдан Орунтаев ШКУ саммитине карата Бишкектеги үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери тууралуу маалымат берди.

Айтымында, жарандар жеке турак жай менен көп кабаттуу үйлөрдүн сыртка фасадына бирдей мамиле жасашы зарыл. Тагыраагы, жеке турак жайдын ички жана сырткы көрүнүшүн жасалгалагандай, көп кабатуу үйлөрдүн фасадына да көңүл буруу зарыл.

"Көп кабаттуу үйлөрдүн "ичи меники, сырты сеники" деген туура эмес деп ойлойм. Ал дагы жарандардын мүлкү. Үйдүн ичин жасап, сыртына келгенде көңүл бурулбай калат. Мамлекет колдон келишинче, көп кабаттуу үйлөрдүн көчө тарабындагы сырткы фасадын жасап берип жатат. Ал эми ички фасадын тургундар биригип жасап койсо болот. Анткени бул алардын тийиштүү документтери бар мүлкү",- деди министр.

Видео: Арча Медиа






Орунтаев ШКУ саммитине карата даярдыктар боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: