Эмине Эрдоган лидерлердин жубайлары менен балдардын санарип коопсуздугун талкуулады
Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Чанкая президенттик сарайында лидерлердин жубайларын тосуп алып, “Балдар, технология жана коопсуздук: кийинки муунду коргоо” темасындагы тегерек стол жыйынына катышты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган айым сөзүн баштагандан бери эле дүйнөдө ар 60 бала чексиз санарип дүйнөсүнө кадам таштаганын белгилеп, бул чексиздик мүмкүнчүлүктөр менен катар коркунучтарды да алып келерин айтты.
Анын айтымында, маселе кооптуу контентте гана эмес, балдардын көңүлү, кызыгуусу жана убактысы жаңы доордун негизги ресурсуна айланып жатканында. Ошондой эле дүйнөдөгү миллиарддаган балдардын эмнени көрүп, эмнеге ишенерин саналуу гана технологиялык компаниялар аныктап жатканына токтолуп, мындай “техно-колониализмге” эң алсыз катмар балдар экенин белгиледи.
Эмине Эрдоган мамлекеттер мындай өзгөрүүлөргө сырттан байкоочу болуп тура албасын айтып, балдардын экран аркылуу эмнеге туш болору киреше табууну көздөгөн компаниялардын гана чечимине калбашы керектигин билдирди.
Ал Түркия санарип мейкиндикте балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык демилгелерди көтөрүп жатканын, ошондой эле өлкө ичинде 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна чектөө киргизилип, платформалар үчүн жаш куракты текшерүү жана ата-энелик көзөмөл сыяктуу милдеттүү талаптар коюлганын маалымдады.
Тегерек столдон кийин Эмине Эрдоган лидерлердин жубайлары менен түшкү тамакка катышып, андан соң жалпы үй-бүлөлүк сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда коноктор түрк элинин салттуу токуу өнөрүн чагылдырган кездемелер, саймалар жана оймо-чиймелерден турган көргөзмө менен таанышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















