super.kg logo

Түркия Орусия жана Украина менен дипломатиялык байланыштарын улантууда

 

Бүгүн, 13-июлда Түркия Орусия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу үчүн Москва жана Киев менен дипломатиялык байланыштарын улантып жатканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Анкара сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жайдын аягына чейин Стамбулда өтөт деп күтүп жатканын билдирген. Ошондой эле Түркия ортомчу катары кызматын улантып, тараптардын диалогу үчүн кайрадан аянтча берүүгө даяр экени айтылды.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы Стамбулда жетишилген макулдашуулардын негизинде Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Орусия менен Украина 2025-жылы Стамбулда 3 раунд түз сүйлөшүү өткөрүп, анын жыйынтыгында туткундарды алмашкан. Мындан тышкары, тараптар жаңжалды жөнгө салуу боюнча меморандумдардын долбоорлору менен да алмашышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: