Аюу-Төр капчыгайында сел жүрүп, ички чарбалык жолду суу жууп кетти (видео)
Кечээ, 14-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол жаратылыш паркындагы Аюу-Төр капчыгайында тоо этектеринен 2 тилкеден түшкөн таш-топурактар Каракол суусуна түшкөндүктөн суунун нугу бурулуп, ички чарбалык жолду суу жууп кетти.
ӨКМ билдиргендей, анын натыйжасында каттам үзгүлтүккө учурап, капчыгайдын жогору жагында болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа калды.
Аталган аймакта түнөп калуу үчүн база жайгашкандыктан жарандар базада калышкан. Жабыркагандар жок.
Жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды. Бүгүн, 15-июлда Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан техника тартылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Аю-Төр капчыгайында сел жүрүп, ички чарбалык жолду суу жууп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















