Эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу коррупция тууралуу билдире аласыз
"Түндүк" тиркемесинде интеграцияланган "Коррупция жөнүндө билдирүү" санариптик кызматы ишке киргизилди.Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, бул кызмат жарандарга коррупция фактылары тууралуу билдирүүлөрдү акысыз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кайрылуу жөнөтүү үчүн тиркемени ачып, "Коррупция жөнүндө билдирүү" кызматын тандоо зарыл. Андан соң электрондук форманы толтуруп, зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркеп кайрылууну жөнөтүү керек.
Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу тиешелүү компетенциясынын чегинде кароо үчүн Башкы прокуратурага же ИИМге жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















