24 жыл Кыргызстан менен бирге: Уландысы бар тарых

Күн сайын Кыргызстандын 280 миңден ашуун тургуну жана коногу "Умай Групптун" башкаруусундагы Globus, “Народный”, “Достор” жана SPAR дүкөндөрүнөн соода кылышат. Миллиондогон адамдар үчүн бул күнүмдүк жашоонун кадимки бөлүгү болуп калды. Анткени жумуштан кийин жаңы азык-түлүк карап, үй-бүлө жана майрамдык дасторкон үчүн керектүү азыктарды тез арада жогоруда аталган дүкөндөрдөн сатып алышат.
Бирок ар бир сатып алуунун артында миңдеген адамдардын чоң эмгеги турат.
"Умай Групп" компаниясынын тарыхы 2002-жылы бир дүкөндөн жана заманбап соода маданиятын калыптандыруу идеясынан башталган. 24 жылдан кийин компания Кыргызстандагы эң ири FMCG-операторлордун бирине айланып, өлкө боюнча 170тен ашуун дүкөндү, 7500дөн ашык кызматкерди жана миллиондогон сатып алуучулардын башын бириктире алды.
Бүгүнкү күндө "Умай Групп" - бул жөн гана соода түйүндөрү эмес, өзүнүн өндүрүшү, санариптик кызматтары, миңдеген өнөктөштөрү жана жеткирүүчүлөрү бар ири системалуу заманбап логистикалык инфраструктура. Эң башкысы - күн сайын кардарлар үчүн пайдалуу, тез, ыңгайлуу жана жагымдуу соода шарттарын түзүп жаткан адамдардын эбегейсиз эмгеги.
Заманбап сооданы өнүктүрүү күчтүү ата мекендик өндүрүүчүлөрүсүз мүмкүн эмес. Ошондуктан "Умай Групп" кыргызстандык ишканалар менен кызматташууну кеңейтип келет. Бүгүнкү күндө компаниянын дүкөндөрүнөн өлкө боюнча миңдеген ата мекендик өндүрүштөгү товарларды сатып алууга болот. Бул өндүрүүчүлөргө өз бизнесин кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана азыктардын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берсе, кардарлар үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды сатып алууга шарт түзүлөт.
Компания өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө да чоң салым кошууда. "Умай Групп" жыл сайын Кыргызстандын бюджетине 2 миллиард сомдон ашык салык төлөп, өлкөдөгү эң ири салык төлөөчүлөрдүн алдыңкы 20 компаниясынын катарына кирет. Бул көрсөткүчтөрдүн артында инфраструктурага салынган инвестициялар, жаңы дүкөндөрдүн ачылышы, заманбап технологияларды киргизүү жана өлкөнүн бардык аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүү турат.
Бирок компаниянын салымы экономикалык көрсөткүчтөр менен гана өлчөнбөйт.
"Умай Групп" көп жылдардан бери социалдык, билим берүү, кайрымдуулук жана экологиялык долбоорлорду ишке ашырып келет. Өзгөчө орунду балдар спортун колдоого, таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө жана жаңы муун үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган #УмайГруппДетям программасы ээлейт. Компания кайрымдуулук уюмдарына жардам берип, экологиялык долбоорлорго катышып, майрамдык иш-чараларды өткөрүп, каражат чогултуу акцияларын уюштуруп, жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк колдоосун көрсөтүп келет.
Мунун баары "Коом алдындагы жоопкерчиликсиз мамиле ийгиликтүү бизнесге жеткире албайт" деген компаниянын негизги философиясынын алкагында аткарылууда.
Бүгүнкү күндө "Умай Групп" заманбап сооданы, логистикалык инфраструктураны, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана кыргызстандыктардын жашоосун ыңгайлуу кылган долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция салууда.
Бүгүн компания өзүнүн 24 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул жөн гана дата эмес. Бул — миңдеген кызматкерлердин, миллиондогон кардарлардын, жүздөгөн өнөктөштөрдүн жана Кыргызстандын соода тармагынын өнүгүү тарыхы. 24 жыл ичинде биздин дүкөндөрдү тандап келген ар бир кардарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин ишенимиңиздер бизди мындан ары да жакшы багыт алууга, өнүгүүгө жана ар бир сатып алууну дагы пайдалуу жана ыңгайлуу кылууга шыктандырат. Сиздин тандооңуз биз үчүн жөн гана тандоо эмес, бул биз үчүн чоң ишеним.
Биз менен бирге болуп, бизди тандаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз! Сиздер менен тарых уланат!
0

Супер-Инфо
super.kg видео


























