Бишкекте 56 жаштагы аял дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 1970-жылы туулган Гүлсара Токтошованы издеп жатат.
Милициянын маалыматына ылайык, ал 12-июль күнү саат 18:00 чамасында Алтын-Ордо конушундагы Ак-Ниет көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, чачы ак баскан, көзү күрөң, өңү кара тору, жүзү сүйрү, кашы кара, мурдунда кичине меңи бар. Жоголгон күнү кызыл футболка жана көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар 0312 35 26 32, 0312 35 29 47, 0703 69 90 55 же 0224 21 43 46 телефон номерлери аркылуу милицияга кабарлашса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















