Кыргызстанда "Санарип чек ара" мобилдик тиркемеси ишке кирди

Бишкекте мамлекеттик чек арадагы кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө багытталган "Санарип чек ара" мобилдик тиркемесинин расмий бет ачары өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы тиркеме мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча маалыматтарды жарандарга жана чет өлкөлүк конокторго ыкчам жеткирүүгө, ошондой эле чек арадагы ачык-айкындуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш аймактарындагы жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасынын алкагында ишке ашырылган.
Жаңы тиркеме аркылуу жарандар чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелери жана талаптары тууралуу маалыматты оңой ала алышат.
Мындан тышкары өлкөдөгү сегиз пилоттук өткөрмө пунктуна Milestone Systems программалык камсыздоосунун негизинде заманбап видеобайкоо системалары орнотулду. Бул көзөмөлдү күчөтүп, мамлекеттик органдардын өз ара маалымат алмашуусун жакшыртууга мүмкүндүк берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















