Араванда унаа менен каналга кулаган жарандын денеси табылды
Ош облусунун Араван районунда каналга унаасы менен түшүп, сууга агып кеткен жарандын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Куткаруучулар 45 жаштагы жарандын сөөгүн суудан чыгарып, жакындарына өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-июль саат 20:00 чамасында аталган райондогу Фергана каналына Матиз үлгүсүндөгү унаа тушүп кеткен. Унаанын ичиндеги 17 жаштагы бала дароо куткарылып, бирок шериги суудан чыга албай калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















