super.kg logo

Оштун Ылай-Талаа айылында жаңы мектеп курулууда

 
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Назаров атындагы жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 124 миллион сомду түзөт.
Курулуш министрлиги билдиргендей, мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метр болуп, 150 окуучуга ылайыкталган.
Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат. Мындан тышкары, аймакка кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.
Объекттин курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системдерин монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: