super.kg logo

Орусиядагы Wildberries кампасында дрондун чабуулунан 24 адам жабыркады

 
Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries кампасында дрондун чабуулунан өрт чыгып, 24 адам жабыркады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алардын арасында кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган кампа объектисинде эмгектенген кыргыз жарандары менен жолугушту. Зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.
Өрт толугу менен өчүрүлө элек, кампанын аймагы курчоого алынган. Окуя болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын жана башка тийиштүү органдардын кызматкерлери иштешүүдө.
Орусиялык массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, өрт учкучсуз учкуч аппараттарынын чабуулунан кийин чыккан. Өрттүн расмий себептери Орусиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталууда.

Элчиликтин кызматкерлери кырдаалдын өнүгүшүн көзөмөлдөөнү улантууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: