Чүй менен Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүүнүн себеби айтылды
Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда, аба ырайынын кескин ысып кетишине байланыштуу электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетти. Ошол эле учурда электр тармактарынын жабдуулары максималдуу жүктөм менен иштеп, айрым электр берүү линияларындагы жүктөм берилген чектен ашууда.
"Жабдууларды коргоо жана керектөөчүлөрдү авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында жөнгө салуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул чаралар зарыл жана кыска мөөнөттүү. Алар энергетикалык жабдуулардын иштен чыгышын жана энергетикалык тутумда ири авариялардын келип чыгышын алдын алууга багытталган. Жөнгө салуу иш-чараларынын алкагында электр энергиясын берүү эки саатка чейин убактылуу токтотулушу мүмкүн", - деп билдирди мекемеден.
Энергетиктер жарандарды учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр тармагына күч келген эң жогорку жүктөм сааттарында электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















