ТИМ Wildberries кампасындагы өрткө байланыштуу билдирүү таратты
Тышкы иштер министрлиги Подмосковьедеги Wildberries кампасында чыккан өрткө байланыштуу билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен документтери жоголгон же бузулган кыргыз жарандары зарыл консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Орусиядагы элчиликке кайрыла алат.
Дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.
"Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү улантууда.
Мындан тышкары, чет өлкөдөгү мекеме Орусиянын Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоодо", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 18-июлда Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries кампасында дрондун чабуулунан өрт чыгып, 24 адам жабыркаганы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















