super.kg logo

Ошто Айтиев көчөсү толугу менен жаңыланды

 
Бүгүн, 19-июлда Ош шаарында Айтиев көчөсүнүн Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге калаа мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон жолго калыңдыгы 12 сантиметр жаңы асфальт-бетон катмары төшөлдү. Ошондой эле көчөнүн эки тарабына жалпы узундугу 3400 метр жаңы тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулуп, заманбап жол чиймелери түшүрүлүп, жол белгилери жаңыртылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: