Wildberries кампаларындагы өрттө бир кыргыз жараны жаракат алды
Орусиядагы Wildberries-Russ кампаларында чыккан өрттөн бир кыргыз жараны жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, ал жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Кечээ, 18-июлда Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries-Russ компаниясынын кампалары учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылып, өрт чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан Электросталь шаарында 45 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Котовск шаарында 7 адам каза болуп, 32 адам жабыркаган.
Орусиянын компетенттүү органдардын маалыматына ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын айрымдарынын жарандыгы такталууда. Анткени көпчүлүгүнүн документтери өрттөнүп кеткен.
Буга чейин элчиликке аталган кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, ал эми телефону өчүк болгонун билдирген.
Ошондой эле Элчиликке эвакуацияланып чыгууга үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан ажыраган эки кыргыз жараны кайрылган. Аларга Мекенге кайтуу күбөлүгү таризделип берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















