super.kg logo

ӨКМ кондиционерди колдонууда коосуздук эрежелерди эскертти

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кондиционерди колдонуудагы коопсуздук эрежелерин эскертти.

Мекеме маалымдагандай, кондицонерди туура эмес колдонуу же техникалык талаптарды сактабай иштетүү өрт чыгуу коркунучун жаратат. Төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталат:

  • кесипкөй адистерге орнотуу зарыл. Туура эмес орнотуу техникалык катачылыктарга алып келип, кооптуу абалды жаратат,
  • желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционер эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек,
  • тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат, ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жаап кургатууга тыюу салынат
  • кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Зымы буралып, кысып же өтө катуу болбошу керек. Түздөн-түз розеткага туташтырылышы зарыл. Кондиционердеги атайын чыпкасын (фильтр) бир айда бир жолу тазалап туруу абзел.
  • кондиционерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын өчүрүп туруу талапка ылайык.
  • Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: