Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Садырбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы объекттерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Мэриядан маалымдашкандай, мыйзам бузган тараптарга 180 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, муниципалдык жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн өлчөмү эсептелди. Аталган иштердин жыйынтыгында 2 миң чарчы метрден ашык муниципалдык аймак бошотулат.