super.kg logo

Бишкекте автобус окуучуну тебелеп кеткен окуя: Бир катар жетекчилерге чара көрүлдү

 
Бишкекте автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кадрдык чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында каралган. Жунушалиев негизги милдет күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына өбөлгө болгон системдик себептерди аныктап, аларды жоюу экенин баса белгилеген.
Жыйынтыгында мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланган. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жана "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулган.
Эске салсак, 13-июлда Бишкектин Жаш Гвардия бульвары жана Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде эл ташыган автобус 9 жаштагы баланы тебелеп кеткен. Айдоочу кармалган. Ал жасалма айдоочулук күбөлүк менен ишке киргени айтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: