super.kg logo

Баткенде 10 миң орундуу стадиондун курулушу 60 пайызга аяктады

 

Баткен шаарында курулуп жаткан 10 миң орундуу стадиондун курулуш иштеринин 60 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов курулуштун жүрүшү менен таанышты. Учурда негизги курулуш иштери аяктап, объектти ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Жалпы аянты 10 гектарды түзгөн спорт комплексинде футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы, 100 орундуу жатакана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Маалыматта белгиленгендей, стадион пайдаланууга берилгенден кийин облустук жана республикалык деңгээлдеги ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: