super.kg logo

“Алтынкен” ишканасындагы кытайча жазуу өчүрүлөт (видео)

 
“Алтынкен” ишканасы тоо бетине кытайча жазган жазууну өчүрөт. Учурда ал жазунуун видеосу социалдык тармактарда талкуу жаратууда.
Мекеменин бүгүн, 20-июлда берген маалыматына ылайык, ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, тоо боорундагы жазуу эки тилде берилген.
"Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын мааниси бирөө гана - кен байлыкты өндүрүү менен бирге жаратылышты, тоолорубузду жана сууларыбызды сактоо. Бул жерде эч кандай саясий маани жок, бул ар бир кызматкерди жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык чакырык. Ал кезде кызматкерлердин 60 пайызга жакыны Кытайдан келген адистер болсо, бүгүнкү күндө кызматкерлердин 95 пайызы Кыргызстандын жарандары түзөт",- деп жазылат маалыматта.





“Алтынкен” ишканасындагы кытайча жазуу өчүрүлөт

“Алтынкендеги” кытайча жазуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: