Быйыл Баткенде ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет
Быйыл Баткен шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Маалымдалгандай, шаарда 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2", "Асман резиденс №3" турак жай комплексттери курулуп жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт.
Быйылкы жылы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинин 17 блогу, 1050 батир жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Учурда облус боюнча 3425 адам турак үй алуу үчүн кезекте турат.
Өкүлчүлүк жарандар МИКтен үй алуу боюнча Мурат Салихов көчөсү, 29 дарегинде жайгашкан мекемеге кайрылуусун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















