Кочкордо дүкөндөн ири өрт чыкты (видео)
Нарын облусунун Кочкор районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан дүкөндөн ири өрт чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт Сагымбай Орозбаков көчөсүндөгү соода жайында катталган. Интернетке тараган видеодон тургундар дүкөндүн ичиндеги товарларды сыртка алып чыгып, жардам берип жатканын көрүүгө болот.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жерине эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, учурда тилсиз жоону ооздуктоо иштери жүрүп жатат.
Кочкордун так ортосунда жайгашкан дүкөндө ири өрт чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















