Ошто Баялинов көчөсүн асфальттоого 10 күн мөөнөт берилди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Баялинов көчөсүнүн Алымбек датка көчөсүнөн Молдо-Нияз көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлө турган асфальттоо иштеринин алдында көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө көчөнү капиталдык оңдоо, жаңы асфальт төшөө жана ирригациялык системаны жаңылоо боюнча аткарыла турган иштер талкууланды.
Мэр курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү талап кылып, жооптуу мекемелерге бардык жумуштарды 10 күндүн ичинде талапка ылайык сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди.
Долбоор аяктагандан кийин көчөнүн транспорттук өткөрүмдүүлүгү жогорулап, жол кыймылынын коопсуздугу жакшырып, аймактын инфраструктурасы жаңыланары белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















