super.kg logo

лдик Банк" жана МИК жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту

 

«Элдик Банк» ААК жана "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү" долбоорунун алкагында кайра каржылоо боюнча башкы келишимге кол коюшту.

Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 65 миллион АКШ долларын түзөт.

Документке «Элдик Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун Башкармасынын Төрагасы Талант Жекшенов кол коюшту.

Бул долбоор Кыргызстандагы жеткиликтүү турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү этап болупжана жарандардын жеке турак жайын жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Долбоордун биринчи этабы аялдардын ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган "Аялдардын ипотекасы" аттуу жаңы социалдык программаны ишке ашырат. Бул демилге аялдардын ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аларга жеңилдетилген шарттарда өз турак жайын сатып алууга шарт түзөт.

Программанын алкагында карыз алуучулар жеңилдетилгеннасыялоо шарттарына ээ болушат:

Жылдык 10,75% (11,37%-дан ЭПЧ) - Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алуу үчүн;
Жылдык 9,75% (10,26%-дан ЭПЧ) - Кыргыз Республикасынын аймактарында турак жай сатып алуу үчүн.

Долбоордун кийинки этабы - энергияны үнөмдөөчү турак жайды сатып алууга, курулуштун заманбап экологиялык таза технологияларын колдонууга жана турак жай имараттарындагы энергия керектөөнү кыскартууга шарт түзө турган "Жашыл ипотека" программасын ишке ашыруу болмокчу. Программаны ишке ашыруу курулуш тармагын туруктуу өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытындагы дагы бир кадам болууда.

«Элдик Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев бул долбоор Банктын жеткиликтүү финансылык чечимдерди иштеп чыгууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоого багытталган стратегиялык багытты чагылдырарын белгиледи.

Жаңы ипотекалык программалардын ишке киргизилиши жарандар үчүн турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, аял затынын турак жайга байланыштуу пландарын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт жана Кыргызстанда энергияны үнөмдөөчү курулуштун өнүгүшүнө түрткү берет", - деп баса белгиледи Уланбек Ногаев.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын Башкармасынын Төрагасы Талант Жекшеновдун айтымында: «Аялдар жана жашыл ипотека программасы -жарандардын өз турак жайына жетүүсүн кыйла жеткиликтүү кылууга багытталган маанилүү кадам. Биз өзгөчө аймактардагы аялдарды колдоого басым жасап, аларга эртеңки күнгө ишеним арттырууга жана үй-бүлөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөбүз».

КРУБ лиц. №033






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: