Жээнчороев: "Чет өлкөлүктөргө жер 50 жылга дароо берилбейт, этап-этабы менен узартылат"
Чет элдик инвесторлорго жерди 50 жылга чейин пайдаланууга берүү жаңы норма эмес. Бул тууралуу Мирлан Жээнчороев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев чет элдик инвесторлорго мамлекеттик жер тилкелерин 50 жылга чейин пайдаланууга берүү маселеси боюнча түшүндүрмө берип, бул норма Кыргызстандын мыйзамдарында буга чейин эле каралганын билдирди.
Анын айтымында, учурда коомдук талкууда турган Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жаңы укуктук механизмди киргизбейт. Тескерисинче, мурда колдонулуп келген тартипти тактап, жер берүү процессин этап-этабы менен жүргүзүүнү сунуштайт.
Депутат белгилегендей, сунушталган долбоорго ылайык, жер тилкеси алгач инвесторго 10 жылга берилет. Инвестициялык милдеттенмелер толук аткарылган учурда мөөнөт 25 жылга чейин, андан соң долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып жатса 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Жээнчороев ошондой эле мамлекеттик жерди 50 жылга чейин пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү 1992-жылдагы «Концессиялар жөнүндө» мыйзамда, 1999-жылдагы Жер кодексинде жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамдарда буга чейин эле каралганын белгиледи.
Депутаттын пикиринде, мыйзам долбоору боюнча талкуу эмоцияларга эмес, укуктук нормаларга, экономикалык эсептерге жана улуттук кызыкчылыктарга негизделиши керек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















