super.kg logo

Кызын жоктогон ата... Тоңдогу жүрөк үшүн алган жол кырсыгы (видео)

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 19-июлда катталган жол кырсыгында бир үй-бүлөнүн үч баласы каза болду. Бул тууралуу жарандык активист Эртай Искаков окуянын видеосун бөлүштү. Анда эркек киши жерде жаткан өспүрүмдү келип кучактап, ары барып айласын таппай кайра келип жатканын көрүүгө болот.

Искaков шектүү унааны саатына 140 чакырым ылдамдыкта айдап келе жатып, каршы тилкеге чыкканын билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы аталган окуяда төрт унаа сүзүшкөнүн маалымдады. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм, 4 жаштагы бала жана эки айлык ымыркай көз жумду. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






Тоңдогу жүрөк үшүн алган жол кырсыгы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: