super.kg logo

Ак топоз кыргыз породасы болуп катталды

 

Ак түстөгү кыргыз топозу "Кыргыз ак топозу" аталышында жаңы порода катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, жаңы породаны каттоо жөнүндө буйрукка айыл чарба министри Эрлист Акунбеков кол койгон. "Кыргыз ак топозу" породасын түзүүдө коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун эмгеги өзгөчө белгиленет. Анын ак топоздорду селекциялоо багытындагы көп жылдык эмгеги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошкон.

2014-2026-жылдары жүргүзүлгөн селекциялык иштердин натыйжасында бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы түзүлгөн.

"Кыргыз ак топозу" сапаттуу ак жүнү жана тыбыты менен айырмаланып, текстиль өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат. Жаңы породанын мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт",- деп айтылат маалыматта.






Ак топоз кыргыз породасы болуп катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: