Бишкектеги парктарда көчө спорту өттү (сүрөттөр)
Бишкекте эки күн экстремалдык көчө спорт түрлөрү боюнча фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, 18-июлда "Ынтымак-2" паркындагы скейт-паркта BMX, скутер жана паркур боюнча мелдештер өткөрүлгөн. Аталган дисциплиналар боюнча жалпы 70 спортчу күч сынашкан. 19-июлда "Адинай" паркындагы воркаут аянтчасында воркаут боюнча чемпиондук өткөн. Сүйүүчүлөр категориясында 30 катышуучу өнөрүн көрсөтсө, кесипкөйлөр арасында 10 спортчу катышкан.
Фестивалга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан келген спортчулар дагы катышкан. Фестивалдын өзгөчө көркүн аба гимнасттарынын көрсөтмө өнөрлөрү ачып, алар иш-чаранын катышуучулары үчүн чеберчилик сабагын өткөрүшкөн.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган эстелик белектер менен сыйланышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















