super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар математика олимпиадасында 5 медаль жеңишти

 
Кыргызстандык окуучулар Кытайдын Шанхай шаарында өткөн 67-эл аралык математика олимпиадасында 5 медаль жеңишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң абройлуу делген таймашка 117 өлкөдөн 666 окуучу катышкан. Натыйжада Ариет Акимов, Саят Арлан, Бобрус Ян күмүш байге утушса, Султан Мусаходжаев, Тимур Акенеев коло медаль тагынышкан. Ал эми Бектен Абдувалиев Ардак грамота менен сыйланды.
"Кыргызстан бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышып келет. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн куржунунда 27 медаль бар. Быйылкы олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 35-орунду ээлеп, үчүнчү жыл катары менен дүйнөнүн эң күчтүү 40 командасынын катарына кирди",- деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: