Бишкекте жарыктын өчүрүлүп жатканына түшүндүрмө берилди
"Бишкек электр тармактары" ишканасы борбор калаада жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүп жатканына түшүндүрмө берди.
Маалыматта электр кубатын колдонуу рекорддук чекке жеткени айтылат. Андыктан жүктөм ашыкча болуп, алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.
"19-июлда суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 миллион 122 миң киловатт-саатты түздү. Ошентип, аномалдуу ысыктан улам кондиционерлерди массалык түрдө колдонууга байланыштуу өлкөнүн энергетика тутумуна рекорддук күч келгенин тастыктайт.
Абанын температурасы +45 градус болгондо электр берүү чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25 пайызга чейин төмөндөйт. Буга байланыштуу айрым тилкелерде жол берилген техникалык ченемдерден ашуу фактылары катталган.
Жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында энергетиктер эң жогорку жүктөм байкалып жаткан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында убактылуу алдын алуучу жөнгө салуу чараларын киргизүүгө мажбур болууда",- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:26
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















