Бишкектеги эки чоң көчөнүн кесилиши өзгөрүшү мүмкүн
Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндикти көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Малымдалгандай, долбоордун негизги максаты - борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана көп функционалдуу шаардык мейкиндик түзүү.
Долбоордун алкагында төмөнкү функционалдык жайларды түзүү каралган:
- Эс алуу жайы;
- Шахмат ойноочу аймак;
- Көчө китепканасы;
- Балдар үчүн оюн аянтчасы;
- Спорттук машыгуу аянтчасы;
- Фонтандарды жаңылоо;
- Унаа токтотуучу жай;
- Коомдук даараткана.
Ошондой эле долбоордо унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды атайын бөлүү каралган. Бул аймакты жөө басууга жана эс алууга ыңгайлуу, коопсуз мейкиндикке айландырууга шарт түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















