Увам каналынын жээктери мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда
Ош шаарында Увам каналынын жээктерин мыйзамсыз курулуштардан жана башка объектилерден бошотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде каналдын корук аймагына кирип кеткен курулуштар алынып, жээктер иретке келтирилип жатат.
Мэриянын билдиришинче, тазалоо жана көрктөндүрүү иштери каналдын жээгин кеңейтүү, коопсуздукту жогорулатуу жана шаар аймагын ирээтке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылары кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















