super.kg logo

Караколдогу Пушкин атындагы борбордук сейил бактын реконструкциясы 85 пайызга аяктады

 

Каракол шаарындагы 100 жылдан ашуун тарыхы бар Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери 85 пайызга аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бакта 12 аттракциондун, административдик имараттын жана башка негизги объектилердин курулушу дээрлик бүткөрүлгөн.

Учурда аттракциондорду сыноодон өткөрүү, газон төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, ошондой эле жөө адамдар жана велосипед жолдорун бүткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында заманбап фонтан, спорттук аянтчалар, амфитеатр, кафетерий жана эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, реконструкция толугу менен аяктагандан кийин Пушкин атындагы борбордук сейил бак Каракол шаарынын тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жана көңүл ачуу жайына айланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: