Бишкекте “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин кыргызча басылышынын бет ачары өттү
Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, президенттин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө аталган эмгек заманбап Өзбекстандын өнүгүү жолун, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана мамлекеттик башкаруудагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган маанилүү басылма экенин белгиледи. Ошондой эле китептин кыргыз тилине которулушу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий, илимий жана руханий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун айтты.
Арслан Койчиев акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый достук, орток маданий баалуулуктар жана стратегиялык өнөктөштүк мамлекет башчыларынын саясий эркинин негизинде жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи.
Мамлекеттик катчынын айтымында, мындай басылмалар элдердин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдеп, жаштар, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы окурмандар үчүн баалуу маалымат булагы болуп кызмат кылат.
Иш-чара соңунда ал китептин жарык көрүшүнө салым кошкон авторлорго, котормочуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын достугу мындан ары дагы бекемделе беришине ишеним артты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















