БУУ жол кыймылынын коопсуздугу боюнча декларация кабыл алды. Аны даярдоого Кыргызстан жетекчилик кылды
БУУнун Башкы Ассамблеясы жол кыймылынын глобалдык коопсуздугу боюнча прогресс тууралуу декларацияны кабыл алды. Документ 20-21-июлда Нью-Йоркто өткөн Жогорку деңгээлдеги жыйындын жыйынтыгы болду.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, декларация Кыргызстан менен Словакиянын жетекчилиги алдында бир нече айга созулган дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде даярдалган. Документ жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу, жол инфраструктурасын жана транспорт каражаттарынын коопсуздугун күчөтүү, ошондой эле шашылыш медициналык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө багытталган.
Жыйында Кыргызстандын атынан саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов сөз сүйлөдү. Ал 2025-жылы өлкөдө 8456 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди.
Министр ошондой эле Кыргызстанда 2040-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы жана 2027-жылга чейин жол кырсыктарынан каза болгондордун санын 50 пайызга кыскартууну көздөгөн Жол кыймылынын коопсуздугу стратегиясы ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары Министрлер кабинетинин алдында атайын комиссия түзүлүп, «Коопсуз шаар» долбоору өнүктүрүлүп, жол инфраструктурасы, мыйзамдар жана шашылыш медициналык жардам системасы жаңыланып жатканы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















