Баңгизат сатууга шектелип үч жаран кармалды
Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 35 жаштагы үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар социалдык тармакта каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияны жарнамалашкан. Шектүүлөр Суусамыр өрөөнүндө өтө турган фестивалда сатышмак болушкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
35 жаштагы эки жарандын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, биринен каннабис майы баңгизатын камтыган эки бөтөлкө табылса, бириникинен 4 грамм марихуана баңгизаты, ошондой эле жалпы салмагы 1 килограмм 860 грамм болгон каннабис өсүмдүгүнүн уруктары алынган.
Мындан тышкары, алар ишин жүргүзгөн дүкөндөн курамында каннабис өсүмдүгү бар чай, ун, май, спрей жана витамин капсулалары табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















