Ошто бир катар аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт
Бүгүн, 22-июлда Ош шаарындагы бир катар райондордо жана көчөлөрдө электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, электр жарыгы саат 08:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт. Чектөөлөр энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана техникалык иштерге байланыштуу.
Электр энергиясы убактылуу берилбей турган аймактардын арасында Анар жана Фрунзе кичи райондору, "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталы, "Кызыл-Кыштак" аймагы, ошондой эле бир катар айылдар бар.
Мындан тышкары, шаардын айрым көчөлөрүндө жана "Жибек Жолу", "Келечек" базарларында да электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.
Ош шаардык мэриясы тургундардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















