super.kg logo

Аида Салянова каза болгон инисинин уулу үйлөнгөнүн билдирип, жүрөк өйүткөн билдирүү жасады

 
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова киши колдуу болуп каза болгон иниси Улан Саляновдун уулу үйлөнүп жатканын билдирип, эл алдында көз жашын тыя албастыгын айтты. Ал бул жакшылык менен катар иниси тууралуу эскерип, Фейсбукка билдирүү жазып калтырды.

Ал инисинин өлүмүнө саясий мүнөздөгү далилдер жетиштүү экенин белгиледи.
"Бүгүн сенин уулуң үйлөнүп жатат. Ойлорумду бул жерге жаздым, анткени эл алдында көз жашымды тыя албай калам деп корком. Мындай бир кана сени эстегенде болот… Көпчүлүк билгендей, иним Улан менин оппозициядагы ишмердүүлүгүмдүн учурунда каза болгон. Кылмыш ишинин материалдарында анын өлүмүнүн саясий мүнөзүн көрсөткөн далилдер жетиштүү. Бирок өлтүрүүгө буйрутма берген киши изделген жок, ал бүгүн дагы арабызда жүрөт. Улан дүйнөдөн өткөндө анын уулдары болгону 17 жана 18 жашта болчу. Атасы эң керек болгон учур эле. Жеңил болгон жок. Бир Кудайдын жардамы менен ошол күндөрдү артта калтырдык. Бейиштиксиң, билем. Ак пейил, боорукер, чынчыл, өжөр, намыскөй, март, сөзүңө бекем экениңди бары айтаар эле. Жалгыз өзүң менен сырдашчумун. Сагындым… Арабызда жоксуң, бирок дилибизде дайым жашайсың. Абайым бактылуу болуп, атасына татыктуу уул болсун деп тилейм!" - деп жазды билдирүүсүндө Салянова.

Эскерте кетсек, Улан Салянов 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылындагы үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча айыпталуучулар 2020-жылы 15 жана 18 жылга эркинен ажыратылып, 2021-жылы өкүм күчүндө калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: