Эльбрус тоосунда бир суткада алты альпинист каза болду
Орусиядагы Эльбрус тоосунда бир сутканын ичинде алты альпинист каза болду. Алардын бешөө Босния жана Герцеговинадан келген туристтер болсо, дагы бири Орусиянын жараны болгонун чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, жети адамдан турган чет өлкөлүк топ 24-июлда Эльбрус чокусуна чыгууга жөнөгөн. 25-июлда кечинде аба ырайы кескин бузулуп, альпинисттер багытынан адашып калышкан.
Топтун бир мүчөсү өз алдынча тоодон түшүп, куткаруучуларга эки шериги 5100 метр бийиктикте өздөрүн жаман сезип каза болгонун билдирген. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы бир тирүү калган адам жана үч альпинисттин сөөгү табылган. Натыйжада бул топтон беш адам каза болгону аныкталды.
Куткаруучулар эки адамдын сөөгүн тоодон түшүрүшкөн. Бирок катуу шамал менен бороондон улам калган сөөктөрдү эвакуациялоо аба ырайы жакшырганга чейин токтотулган.
Ошол эле күнү Эльбруста дагы бир кырсык катталган. Ставрополь крайы менен Тула облусунан келген эки альпинист 5300 метр бийиктикте жардам сураган. Окуя болгон жерге жеткен куткаруучулар алардын бирин каза болгон абалда таап, экинчисин аман-эсен эвакуациялашкан.
Бул окуялар боюнча Кабардин-Балкар Республикасынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, кырсыктын бардык жагдайларын иликтеп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















